Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

Тажикстанда козголоңчу болушу мүмкүн деп шектелген 17 адам камалды


Түндүктөгү Хужанд шаарында сот кечээ Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп айыпталган 17 адамды тогуз жылдан 23 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты. Бул адамдарды ишмердигине тыйуу салынган уюмга мүчө деп табышкан. Алардын бешөө козголоңчулардын Ооганстандагы жана Пакистандагы машыктыруучу лагерлеринде болгонун айтышты. Прокурорлордун ишениминде, алар катарына жаңы мүчөлөрдү топтоп жатышкан. Соттолгондор коюлган айрым айыптарды мойнуна алышканы менен, эч кандай уюмга мүчө болушпаганын билдиришти. Алар кайсыл айыптар боюнча күнөөлүү деп табылышканы азырынча белгисиз. Адвокаттар айыпталгандар күнөөнү мойнуна алышы үчүн кыйноого алынышканын билдирип жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG