Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:50

Ирандын президенти “уран байытуу бомба жасоого кадам эмес” деди


Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад анын өлкөсү уранды 20% деңгээлинде байытууга акысы бар экенин, бул “Иран бомба жасап жатат дегенди билдирбей турганын” айтты. “France 24” телеканалына сүйлөп жатып, Ахмедиженад: “Дүйнөнүн ири өлкөлөрү менен МАГАТЭ бизге 20% деңгээлинде байытылган уран бериши керек болчу, дагы эле ошол милдетин аткара элек”, - деди.

Ахмединежад өз сөзүндө эгерде дүйнө Тегеранга дурус жеңилдиктерди берсе, анын өкмөтү уранды байытууну токтотуу маселесин кароого да даяр экенин кыйытты. Ошол эле маалда, ал алдыда келерки айда бул боюнча Москвада өтө турган сүйлөшүүлөрдөн эч кандай деле чоң жылышты күтпөй турганын жашырган жок.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандан уран байытууну токтотууну талап кылып, төрт ирет ар кандай жазаналарды жарыялаган. Батыштагы айрым ири өлкөлөр Иран азыр ядролук курал жасап жатат деп кооптонушууда. Тегеран болсо анын ядролук программасы жайчылык максатта гана энергия алыш үчүн иштей турганын айтып келатат.

XS
SM
MD
LG