Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Казакстандагы жер титирөө Кыргызстанда да сезилди


Өткөн түнү Казакстанда болгон жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын аймагында да сезилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 31-майда саат 03:20да очогу Казакстанда болгон 7 баллдык жер титирөө катталды.

Жердин силкинүүсү Түптө 4,5 балл, Каракол шаарында 3-4 балл, Ананьево айыл аймагында 4 балл, Чолпон-Атада 3 балл жана Бишкекте 2 балл сезилди.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG