Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:37

Кумтөргө кетчү унаа жол дагы эле буулуп турат


Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда Кумтөр кенине кетчү унаа жол дагы эле буулуп турат. Нааразылык акциясынын уюштуруучулары жаңы талаптарды коюп, "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын Коопсуздук кызматынын жетекчисин иштен алып, коомчулук менен байланыш менеджерин жоопко тартуу талабын коюп жаткандарын кабарчыбыз маалымдайт.

Жол тосуу кечээ, 30-майда башталган. Барскоон айылында Кумтөргө кетчү унаа жол таш менен тосулуп турат. Нааразылык акциясына чогулгандардын көпчүлүгү жаштар.

Алар Кумтөрдү иштеткен компания экологияны бузуп жатканына нааразы экенин, жергиликтүү тургундарды ишке алууда айрым чектөөлөрдү алып салууну талап кылып жатканын райондун Жаштар кеңешинин жетекчиси Нарис Калчаев билдирди.

Ал эми "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын маалымат катчысы Сергей Дедюхиндин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Нарис Калчаев менен компания өкүлдөрү өткөн жумада эле жолуккан. Калчаев айрым ойлорун айтып, каржылоо маселесин көтөргөн. Компания ылайыгы келгенин карап көрүүгө даяр экенин айткан. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG