Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Астанада ачарчылык курмандыктарына эстелик тургузулду


Астанада 1932-33-жылдары ачарчылыктан өлгөндөргө арналган эстелик ачылды. Президент Нурсултан Назарбаев аземде сөз сүйлөп, ачарчылык жана анын кесепеттери советтик доордогу эң чоң гуманитардык алаамат болгон деди. Президент ачарчылык 1 жарым миллиондой кишинин өмүрүн алып кеткенин, алардын ичинен 600 миңден көбү казактар болгонун белгиледи. Бүгүн Казакстанда “Саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү” күнү. 1921-1954-жылдар аралыгында советтик Казакстанда 25 миңден көп киши эмгек лагерлеринде жана түрмөлөрдө атып өлтүрүлгөн.

Казак бийликтери расмий Москва менен мамилелерди бузуп албоо үчүн ачарчылык жөнүндө этият сөз кылышат. Украинадагыдай эле, Казакстанда да көптөр ал трагедия үчүн Кремл жооптуу деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG