Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Жетим балдар үчүн кайрымдуулук акциясы өттү


Маданият жана туризм министрлиги Бишкекте жетимдер үйүндө тарбияланып жаткан балдар үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Майрамдык иш-чара 1-июн - Балдар күнүнө арналды. Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнөн, "Умүт", "Халилуя", "Ак жол" реабилитациялык борборлорунан келген балдарга концерттик программа тартууланып, таттуу белектер тапшырылды. Бул сыяктуу акциялар Ошто жана Жалал-Абадда да өтөөрүн "Азаттыкка" министрликтин маалымат катчысы Эркин Каимов кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG