Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Жаштар кеңеши: Кумтөргө жолду тоскондор бизге тиешеси жок


Нарис Калчаев (ортодо)
Нарис Калчаев (ортодо)
Кумтөргө кетчү жолду эки күндөн бери тосуп тургандардын уюштуруучусу Нарис Калчаевдин Кыргызстан жаштар кеңешине эч тиешеси жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” аталган уюмдан кабарлашты. Кеңештин төрага орун басары, Нарын боюнча өкүлү Жеңиш Молдокматовдун айтымында, Нарис Калчаев Кумтөр маселеси боюнча өкүл болуп тандалганы чын, бирок бул милдетин аткара албай койгондуктан ал кеңештин катарынан чыгарылган.

2011-жылдын 20-ноябрында Нарис Калчаевди биздин коомдон Күмтөр маселеси боюнча өкүл катары шайлап өкмөткө да билдиргенбиз. Бирок 6 айдын ичинде Кумтөр боюнча эч бир жумуш аткарылбагандыктан, отчет берилбегендиктен жана ички тартипти бузгандыктан 11-май күнү токтомдун негизинде аны Жети-Өгүз району боюнча төрагалыктан бошотконбуз”, -дейт Молдокматов.

Ал эми Калчаев өзү бул маалыматты четке кагууда.

“Жениш Молдокматов Нарындын төрагасы болгондуктан көлгө тиешеси жок. 11-май күнү эч кандай токтомдун негизинде жыйын болгон эмес. Негизи төрагалыкка райондо шайлайт. Жогору жактан алып салууга эч кимдин укугу жок. Менин облустук юстициядан алган сертификатым бар, ал жокко чыгарылган эмес”, - дейт Калчаев.

Жети-Өгүздүн Барскоон айылында Кумтөргө кетчү жолду Кыргызстан жаштар кеңеши деген уюмдун өкүлдөрү эки күндөн бери таш тосуп, бууп турганы кабарланган. Алар “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын Коопсуздук кызматынын жетекчисин иштен алып, коомчулук менен байланыш менеджерин жоопко тартуу талабын коюп жатат. Кумтөрдү иштеткен компания экологияны бузуп жатканына нааразы экениайтылууда, жергиликтүү тургундарды ишке алууда айрым чектөөлөрдү алып салуу талабы да бар. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG