Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

ЕККУ тажик парламентинин чечимин кубаттады


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович тажик парламентинин жалаа жабуу жана акаарат келтирүү үчүн кылмыш жообуна тартуу жобосун алып салуу тууралуу чечимин кубаттады.
Март айында президент Эмомали Рахмон бул эки беренени Кылмыш-жаза кодексинен алып салып, Административдик кодекске киргизүүнү сунуш кылган. Эми жалаа жабуу үчүн айыпталган журналисттердин иштери жарандык соттордо каралмакчы.

Миятович Тажикстан жалган жалаа жабууну кылмыш катары сыпаттаган башка мызамдарды да кайрап карап чыгат деп ишенээрин белгиледи.

Соңку жылдары аткаминерлер журналисттерди жана басылмаларды жалаа жабуу же акаарат келтирүү үчүн күнөөлөгөн учурлар көп болгон.

Төмөнкү палатанын жактыруусунан кийин мыйзам долбоору жогорку палатанын кароосуна коюлуп, андан кийин президент кол коюуга тийиш.

XS
SM
MD
LG