Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:14

Сириядагы өкмөт Хулада элди “террористтер кырган” деп эсептейт


Хулада атылгандардын таажиясы, 26-май, 2012
Хулада атылгандардын таажиясы, 26-май, 2012
Туура бир апта мурда Хула айылында 108 адам атылган эле. Арасында балдар менен аялдар көп болчу. Ал кыргын үчүн жоопкерчиликти өкмөт “куралчан топторго” жүктөдү. Окуяны иликтөө боюнча ишти жетектеген генерал Кассем Жамаледдин кечээги билдирүүсүндө: “Бул провокациянын максаты – сырткы күчтөрдү өлкөгө чабуул коюуга түртүү болчу”, - деп айтты.

Бириккен Улуттар уюму “Хулада кырылган элдин айрым бир бөлүгү туш келди атылган октон, бирок көпчүлүгү атайылап жакын аралыктан чыгарылган октон өлгөн” деп бүтүм чыгарган.

Ал арада БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг бул өңдүү окуялар Сирияны “кыйроого алпарчу граждандык согушка себеп болот” деп эскертишкен.

XS
SM
MD
LG