Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Өкмөт өспүрүмдү зордуктагандын жазасын күчөткөнү жатат


Өспүрүмдөрдүн жыныстык кол тийбестигине шек келтиргендерге кылмыш жазасы күчөтүлөт. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, премьер-министрдин тапшырмасы менен ИИМ жана Юстиция министрлиги атайын мыйзам долбоорлорун иштеп чыкты. Долбоордо өспүрүмдү зордуктагандарды өмүр бою эркинен ажыратуу, химиялык бычуу жолу каралган. Мындан тышкары 14 жашка чейинки балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүп, абакка түшкөндөргө мунапыс колдонууга тыюу салынмакчы.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Кыргызстанда балдарды зордуктоо же педофилия көрүнүштөрү көбөйгөнүн билдирген. Жыл башынан берки төрт айда Бишкекте эле 11 жашы жете элек жеткинчек зордукталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG