Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

Жети-Өгүздө Кумтөр боюнча нааразылык уланууда


Жети-Өгүз районундагы жаштар тобу Кумтөр боюнча наарызылык акциясын бүгүн да улантканы жатат. Бул тууралуу акциянын уюштуруучуларынын бири Нарис Калчаев “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтымында, нааразы тарап Барскоон айылындагы Кумтөргө кетчү жолду тосуп, талаптарынын аткарылышы үчүн “Кумтөр оперейтинг” компаниясына убакыт чектегени турушат. Алар компания түшкө чейин талаптарына жооп бербесе, Тамга айылындагы Кумтөргө кете турган электр энергиясын өчүрөөрүн айтышууда.

Жаштар тобу "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын коопсуздук кызматынын жетекчисин иштен алып, коомчулук менен байланыш менеджерин жоопко тартуу талабын коюуда. Ошондой эле Кумтөрдө экология бузулуп жатканын билдирип, жергиликтүү тургундарды ишке алууда айрым чектөөлөрдү алып салууга чакырууда.

"Кумтөр оперейтинг" компаниясынын маалымат катчысы Сергей Дедюхиндин айтымында, компания өкүлдөрү акциянын уюштуруучусу Нарис Калчаев менен өткөн аптада жолуккан. Анда компания өкүлдөрү нааразы тараптын сунуш-пикирин карап көрүүгө даярдыгын билдирген. Кумтөр боюнча жаштардын нааразылык акциясы 30-майда башталган. (MK/KKs)

XS
SM
MD
LG