Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Путин Беларуска “Европанын басымына туруштук берүүдө” жардамын убада кылды


Орусияда өткөн айда үчүнчү ирет президент болуп шайланган Владимир Путин чет өлкөгө алгачкы расмий сапарын Беларуска жасады. Соңку жылдары Орусия менен Беларустун мамилелеринде араздашуулар көбөйгөнү байкалган. Бирок акыркы мезгилдерде Евробиримдик президент Александр Лукашенконун режимине жазаналарды көбөйткөндүктөн, беларус лидери Путиндин келгенине өзгөчө кубангандай болду. Путин Беларуска финансылык жана моралдык колдоо менен барды. Лукашенко болсо “Путиндин келгенинин өзү өлкөсү Орусия жана башка мамлекеттер менен түзүп жаткан экономикалык келишимдерден алда канча маанилүү” экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG