Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Ошто паспорттук режим киргизилди


Ош шаарында 31-майдан тарта паспорттук режим киргизилди. 5-12-июнда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Оштун аймагы шарттуу түрдө беш участокко бөлүнүп, тиешелүү ыкчам топтор иштей баштайт. Кечки жетиден таңкы саат жетиге чейин шаар ичин 12 мобилдик топ кыдырып, коомдук тартипке көз салат. Кечээтен баштап элдин колундагы мыйзамсыз жүргөн курал-жаракты жыйноо боюнча "Арсенал" операциясы башталды. Каргашалуу июн окуясынын эки жылдыгын утурлай шаардыктар арасында кооптонуу бар экени айтылууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG