Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Ошто балдарды коргоо жумалыгы башталды


Ош облустук бийлиги 1-июндан 7-июнга чейин балдарды коргоонун бир жумалыгын жарыялады. Бул тууралуу Ош обладминистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 1-июн Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата уюштурулууда. Бир апта бою облустун аймагында балдар үчүн театрлаштырылган концерттер тартууланат. Андан сырткары, эс алуу бактарындагы аттракциондордо акысыз ойношот. Шире таратылып, балдарга ылайыкталган тасмалар да бекер көрсөтүлөт. Иш-чаранын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мээримдүүлүк марафону да уюштурулат. (SE)

XS
SM
MD
LG