Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Британиялык БР өз үлүшүн ТНК-ВР компаниясына сатууга макул болду


Британиялык кара май сатуучу BP (БиПи) концерни өз үлүшүн орусиялык ТНК-ВР компаниясына сатууга макул болду.

Британ тараптын расмий билдирүүсүндө мындай чечим кардарлардын кызыкчылыктары менен байланыштуу кабыл алынганы айтылат. ВР менен орусиялык «Альфа-Акссес-Ренова» консорциуму 50-50 пайыздык үлүшкө ээ.

Соңку жылдары Орусия менен британиялык акционерлердин ортосунда пикир келишпестиктер болгону белгилүү. Ошол эле учурда эксперттер британиялыктардын үлүшүнө «Роснефть» мамлекеттик компаниясы дагы кызыгып келгенин айтышат. Жума күнү дүйнөлүк базарда кара майдын бир баррелинин баасы 85-100 долларга чейин түштү. Бул соңку 8 айдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG