Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Данияда профессор тыңчылар менен кызматташты деп кармалды


«Азаттыктын» Орус кызматы билдиргендей, Копенгаген университетинин профессору Тимо Кивимяки Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылгандыгы үчүн 5 ай абакка кесилди. Профессорго Даниянын Кылмыш-жаза кодексинин 108 беренеси «мамлекеттик сырды ачпай туруп, чет элдик тыңчылардын ишине кол кабыш кылган» боюнча айып коюлду.

49 жаштагы окумуштуу дипломатиялык кызматка жамынган орус тыңчыларга коопсуздук, даниялык аскерий борбордо окугандар тууралуу маалымат берип турган. Даниянын атайын кызматы Кивимяки бул аткарган ишине 26 миңден ашуун доллар алганын билдирет.

XS
SM
MD
LG