Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Коргоо кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясынын жактырды


Кыргызстандын Коргоо кеңеши кечээ күнкү жыйынында Улуттук коопсуздук концепцияны жактырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жыйында бир катар сунуш-пикирлер айтылып, эскертүү менен концепция президенттин кол коюсуна сунушталды. Кеңешменин жыйынтыгында коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук комитети жана Башкы прокуратуранын иши сынга алынды. Өкмөткө болсо коррупцияга каршы мыйзам долбоорлорун создуктурбоо тапшырмасы берилди.

Улуттук коопсуздук концепциясында ички жана тышкы коркунучтарды алдын алып, аларга чара көрүү жагы камтылган. Президент Алмазбек Атамбаев концепцияга ылайык, бардык мамлекеттик министрлик-мекемелер чукул арада план түзүп ишке ашырышы керектигин белгиледи. (AKu)

XS
SM
MD
LG