Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Арап лигасы БУУнун Коопсуздук Кеңешин Сириядагы калабаны токтотууга чакырды


Арап лигасынын башкы катчысы Наби ал-Араби Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине кат жолдоп, “Сириянын элин коргоо үчүн бардык зарыл чараларды колдонууга” үндөдү. Ал-Араби мындай кайрылууну Сирия боюнча Катардын байтакты Дохада өткөн жыйынында жасады.

Өткөн аптада Сириянын Хула шаарчасындагы кызыл кыргында 100дөн ашуун адам зобун болгон. Сириялыктардын сүргүндөгү эң чоң оппозициячыл уюму, Сирия Коопсуздук кеңешинин төрагасы Бурхан Галиун өкмөттүк аскерлердин карапайым элге каршы чабуулун токтотуу үчүн Арап өлкөлөрүнүн армиясы Сирияга киргизилишин жактаарын билдирди.

Эл аралык чабарман Кофи Аннан өз кезегинде Сирияда “согушка мүнөздүү бардык белгилер кеңейип баратканын” айтты. БУУнун Адам укуктары боюнча Башкы комиссары Нави Пилэй айым Сирияда жасалган оор кылмыштарга эч кандай мунапыс болбойт деди.

XS
SM
MD
LG