Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Президент Башар Асад бүгүн парламентте сүйлөт


Бул жөнүндө Сириянын өкмөттүк телеканалы маалымдады. Бул анын бир жума мурда Хула шаарчасында болгон кызыл кыргындан берки биринчи жолу коом алдына чыгуусу. Хулада 100дөн ашык адамдын каны төгүлгөн. Алардын көбү балдар болгон. Асад акыркы ирет парламентте 10-январда сүйлөгөн. Сирияда былтыр анти-өкмөттүк тополоңдор башталгандан бери оппозиция активисттеринин ырасташынча, кеминде 13 миң адам өлдү. Ал эми Улуттар Уюмунун эсебинче, козголоңдо 9 миң адам бейажал өлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG