Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:44

Хоменейи Израилге эскертүү жасады


Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хоменейи Израил Иранга кандай чабуул жасаса, ал кайра “чагылган өңдүү” жөөт мамлекетинин өзүнө тиет деп билдирди. Ал ошондой эле эл аралык коомчулуктун Иран ядролук куралдуу болууну көздөйт деген шектенүүсү “жалганга негизделгенин” айтып, Батыш “коомчулуктун көңүлүн АКШ жана Европадагы экономикалык окуялардан алаксытуунун амалын издөөдө”, - деди. Хоменейи мындай билдирүүнү Иран Ислам Республикасынын түптөөчүсү, Аятолла Рухалла Хоменейи көз жумган күнүн эскерүүдө жасады. Хомейни 1989-жылы о дүйнө салгандан кийин анын ордун Хоменейи ээлеген.

XS
SM
MD
LG