Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Пилотсуз учактын чабуулунан сегиз пакистандык өлдү


АКШлык пилотсуз учак ишемби күнү Пакистандын Түштүк Вазиристан аймагындагы Бурмал районуна бүгүн таң азанда урган ракетадан бери дегенде сегиз адам курман болду. Бул жөнүндө Пакистан бийликтери билдирди. Жергиликтүү уруулардын башкаруусундагы Түштүк Вазиристанда өкмөттүк күчтөр менен талиптер жана ал-каидачылар ортосунда уруш жүрүүдө. Ишемби күнү Вазиристандын Шин Варзак районунда пилотсуз учактын чабуулунан эки адам өлгөн. Былтыр Ооганстандагы чет элдик күчтөрдүн чабуулунан чек арага чукул аймакта 24 пакистандык жоокер курман болгондон кийин Исламабад пилотсуз учактардын чабуулун токтотууну буйруган. Буйрукту АКШ четке каккан, бирок жакындан тарта андай чабуулдарды азайткан.

XS
SM
MD
LG