Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Клинтон Иран Израилди коркутуусун сынга алды


АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон мындай коркутуу мурда да болуп келгендигин белгилеп, "Иранга алдыдагы ядролук сүйлөшүүдөгү иш-аракетине карап баа бериш керек" деди. Стокголмдо сүйлөгөн сөзүндө Клинтон 18-19-июнь күндөрү Маскөөдө өтө турган сүйлөшүүдө Ирандын кандай сунуш киргизээрине кызыгып жаткандыгын кошумчалады. Мунун алдында Ирандын жогорку жол башчысы Израил кылт этсе, «чагылгандай» сокку урулаарын эскерткен эле. Ал ошондой эле:

- Эл аралык саясатчылар жана маалымат каражаттары ядролук Иран тууралуу айтып жатышат. Ядролук Иран коркунуч келтирет дешет. Мен алардын калп айтып жатат деп эсептейм.. Алар чындыкты жашырып жатышат. Алар чындыгында ядролук Ирандан эмес, Исламдык Ирандан коркушат жана коркушканы тегин жерден эмес, - деди.

Израил буга чейин Тегерандын ядролук курулуштарына сокку урууга чакырып келген. (JCh)

XS
SM
MD
LG