Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Бүгүн кыргыз президенти Кытайга сапар алат


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргызстандык делегация Кытайга жөнөп кетет. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Мамлекет башчысы Бээжинге расмий сапарынын алкагында Кытай жетекчилиги менен жолугуп, Шанхай кызматташтык уюмунун 6-7–июнда өтө турган мааракелик саммитине катышат. Буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэн билдиргендей, эки өлкө башчылары бир топ документтерге, анын ичинде биргелешкен декларацияга да кол койоору күтүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG