Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Истамбулда аялдар нааразылык акциясына чыкты


Истамбулда жүздөгөн аялдар бойдон алдыруунун мөөнөтүн кыскартуу планына каршы демонстрация өткөрүштү. «Менин денем – менин ишим» деген ураан көтөргөн демонстранттар Истамбулдун Кадыкой ооданында чогулушту. Демонстранттардын арасында эркектер да болду. Мунун алдында өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган бойдон алдырууну «киши өлтүрүүгө» теңеген эле. Кабарларга караганда, түрк өкмөтү бойго бүткөндөн бир айдан кийин бойдон алдырууга тыюу салууну караган мыйзамды даярдап жатат. Учурда Түркияда бойго бүткөндөн эки жарым айга чейинки мөөнөттө бойдон алдырууга уруксат. Мындан бир жума мурда Түркиянын саламаттык министри Режеп Акбар жаңы мыйзам долбоору парламентке ушул айда сунушталаарын билдирген. (JCh)

XS
SM
MD
LG