Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:11

“Ээнсиреген үй” Казакстандагы кароодо мыкты фильм аталды


Алматы шаарында өткөн “Шакен жылдыздары” эл аралык кинофестивалында кыргыз режиссеру Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” тасмасы “Эң мыкты толук метраждуу көркөм фильм” деп аталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” фестивалдан кино сынчы Гүлбара Төлөмүшова билдирди. “Ээнсиреген үй” тасмасынын алгачкы сыйлыгы тасманын продюсери Евгения Тирдатовага тапшырылды. Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, “Шакен жылдыздары” фестивалынын тарыхында кыргызстандык толук метраждуу фильм жеңишке жетишкен учур каттала элек болчу.

“Аталар керээзи”, “Манастын төрөлүшүн утурлап” деген тасмалары менен таанылган режиссер Нурбек Эгендин “Ээнсиреген үй” фильми миграция темасына арналган. Анын бет ачары Бишкекте ай башында өткөн.

Онунчу жолу өткөрүлүп жаткан “Шакен жылдыздары” 30-майда башталып, кечээ жыйынтыкталды. Бул сынакка Кыргызстандан жалпы үч фильм катышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG