Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Ош: Мэрия кызматкери пара алды деп шектелүүдө


Ош шаардык мэриясынын кызматкери 50 миң сом пара алды деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Батыр Нышанов билдирди. Кармалган киши ким экени азырынча айтыла элек. Шектүү акча анын жумушундагы сейфинен табылганы айтылып жатат. Кылмышка шектүү кызматкердин үстүнөн арыз түшүп, милиция аны атайын операция уюштуруп кармады. Мэрия бул маалыматты тастыктады. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG