Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Жаңы-Өзөн окуясы боюнча өкүм угузуу башалмандык менен коштолду


Актаудагы сотто өкүм угузулуп жаткан учур. 4-июнь, 2012-жыл.
Актаудагы сотто өкүм угузулуп жаткан учур. 4-июнь, 2012-жыл.
37 соттолуучуга өкүм бүгүн Актау шаарыда угузулду. Бирок судья өкүмдү аягына чейин окуй алган жок.

“Азаттыктын” казак кызматынын маалыматына караганда, айнек тосмонун ичинде отурган айыпкерлердин айрымдары аны сындырууга аракеттенишсе, алардын залда отурган туугандары судьяны мобилдик телефондор жана башка буюмдар менен урушкан. Бир нече аял эc-учун жоготкон.

Мындан улам судья акыркы айыпкердин өкүмүн аягына чейин окубастан, сот залын таштоого аргасыз болгон.


Cудья Аралбай Нагашыбаев. 4-июнь, Актау.
Cудья Аралбай Нагашыбаев. 4-июнь, Актау.
Зордук-зомбулук, тополоң, өрттөө, мүлктү талкалоо, бузуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, уурдоо, талап-тоноо менен коштолгон массалык башаламандык уюштурган деген айып коюлган 37 адамдын 12си төрттөн жети жылга чейин кесилди, 16сы шарттуу соттолду, үчөө акталды, бешөөнө мунапыс берилди.

Казак мунайчыларынын Жаңы-Өзөндө бир нече айга созулган нааразылык акциясы былтыр 16-декабрда кагылышуу менен аяктап, коопсуздук күчтөрүнүн огунан он алты адам мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG