Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Машыгууга бараткан кытай аскерлери Кыргызстан аркылуу өтүүдө


Шанхай кызматташтык уюмунун Тажикстанда өтө турган машыгуусуна катышуу үчүн Кытай өзүнүн аскерлерин жана курал-жарагын Кыргызстан аркылуу алып өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Коргоо министрлигинен кабарлашты. 4-5-июнда кытайлык аскерлер Эркечтам - Сары-Таш - Гүлчө - Кызыл-Кыя - Баткен - Исфана маршруту боюнча өтөт. Колоннада 48 көчмө техника, 6 артиллериялык курал, 22 жүк ташуучу жана атайын унаа, 6 вертолет бар. Кытайлык колоннанын коопсуздугун кыргыз аскерлери камсыз кылууда. "Тынчтык миссиясы - 2012" машыгуусу 8-14-июнда Тажикстандын аймагында өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG