Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

АКШ Грузияга аскерий жактан жардамдаша берет


АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон Грузиянын жетекчилери менен кездешти. “Стратегиялык диалог” Кара деңиз боюндагы Батуми шаарында өттү. Клинтон айым АКШнын жардамы менен капиталдык ремонттон өткөрүлгөн кемени күзөткө узатуу салтанатына катышты жана Вашингтон “Грузияга территориалдык сууларын коргоого жардамдашат” деп убада кылды.

АКШ мамкатчсы Орусияга кайрылып, Грузиянын амирин тааныбаган жикчил Абхазия жана Түштүк Осетиядан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Москва аталган эки аймактын эгемендигин 2008-жылы августта Грузия менен болгон согуштан соң тааныган. Бирок дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери Абхазия жана Түштүк Осетияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү деп билет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG