Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Ооган кыздарды ууланткан деген шек менен 8 адам кармалды


Ооганстандык окуучу кыздарды уулантууга тиешеси бар деп шектелип, сегиз адам камакка алынды. Тахар провинциясынын коопсуздук кызматынын билдиришинче, алдын ала иликтөөлөр кармалгандардын талиптер жана Өзбекстан Ислам кыймылынын согушчандары менен байланышы бар экенин көрсөткөн.

Жакында айтылган провинциядагы алты мектепте газдын ысынан 800дөй окуучу кыз ууланган эле. Талиптер ууланууга эч кандай байланышы жок экенин айтып, газ чабуулуна жооптууларды соттоону талап кылышууда. Талиптер 1996-2000-жылдары бийликте турганда, кыздардын мектепке баруусуна тыйуу салган.

XS
SM
MD
LG