Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Укук коргоочулар: Азимжан Аскаров жалгыз үйүнөн ажырап калышы мүмкүн


Укук коргоочулар Азимжан Аскаров жалгыз үйүнөн ажырап калуу коркунучу туулганын эскертишүүдө. Свобода.кг сайтынын жазышынча, соттук аткаруучулар июн окуяларына байланыштуу өмүрүнүн аягына чейин кесилген укук коргоочунун үйүн мыйзам бузуу менен конфискациялоого киришип жатышат. Сайтка ылайык, Азимжан Аскаровдун аялы Хадича Аскаровадан “күйөөсүнүн үйүн конфискациялоо тууралуу” сот чечиминин негизинде үйдү бошотуп берүүнү талап кылышууда. Аскаровдун адвокаты Валериан Вахитовдун айтымында, Аскаровдордун жалгыз үйүн тартып алууга мыйзам жол бербейт. Ал эми укук коргоочу Азиза Абдирасулова "Азаттыкка" бул үйдүн башка тургундарынын үлүшү өздөрүндө калышы керектигин мындайча билдирди:

– Соттолуучудан тышкары анын аялы, бала-бакырасы болсо, үйдүн баасы аныкталгандан кийин, алардын үлүшү өздөрүнө берилиши керек. Аскаровдун май айында өтүп кеткен апасынын да мураскорлоруна үлүш тийет.

Соттук департаменттин Жалал-Абад облбашкармалыгынын жетекчиси Зарыл Мамбетов 30-майда “укук коргоочулар Азимжан Аскаровдун мүлкүн конфискациялоого тоскоол болуп жаткандыгын” билдирген. (JCh/RK)

XS
SM
MD
LG