Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Казакстанда дайынсыз жоголгон чек арачы табылды


Казак-кытай чек арасындагы белгисиз жагдайда чыккан өрттө 14 чек арачы жана бир токой кызматкери набыт болгондон кийин дайынсыз болуп жаткан чек ара кызматкери тирүү табылды. Казакстандын ички иштер министри Кулмухамед Касымовдун сөзү боюнча, чек арачы өзү иштеген "Арканкерген" чек ара бекетине жакын жердеги малчылардын турагынан табылды. 30-майда бул бекет толугу менен өрттөнүп кеткен.

Касымовдун кабарчыларга билдиришинче, жөнөкөй кийим кийип алган чек арачынын жанында анын командирине тиешелүү курал болгон. Ички иштер министри чек арачы суракка алынып жатканын, тергөөгө байланыштуу, ысымы ачыкка чыгарылбай тургандыгын кошумчалады. (JCh)

XS
SM
MD
LG