Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:17

Кандагарда жанкечтинин чабуулунан 20дай киши мерт болду


Өкмөттүн басма сөз өкүлү Жавид Файсалдын айтымында, бүгүнкү жарылуудан кеминде дагы 22 киши жаракат алды.

Мотоцикл минген жанкечти жардырууну НАТОнун Кандагардагы аба базасына жакын унаа токтоочу жайдагы эл котологон базарда жасаган.

Унаа токтоочу жай НАТОнун базасына жүк алып келген айдоочулар колдончу.

Ооганстандын түштүктөгү аскерлеринин кол башчысы, генерал Абдул Хамиддин айтымында, жардыруу жасалган кезде НАТО базасында төрт провинциянын губернатору жыйын куруп жаткан.

Жергиликтүү полиция башчысы Абдул Разиктин айтымында, жардыруудан жабыр тарткандардын баары жөн-жай тургундар. (UE)

XS
SM
MD
LG