Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Атамбаев Ирандын башчысы менен жолугат


Президент Алмазбек Атамбаев эртең, 7-июнда Бээжин шаарында Иран өлкөсүнүн президенти Махмуд Ахмединежад менен жолугат. Бул тууралуу Бээжинден кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу кабарлады. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.

Атамбаев Кытайга расмий сапар менен 4-июнда кеткен. Бул сапары аяктаганын, ал натыйжалуу болгонун бүгүн Атамбаев журналисттерге билдирди.

Ал эми кечинде кыргыз президенти Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун президенттеринин жыйынына катышат. Эртең саммит кеңейтилген форматта өтөт. Бүгүн президенттердин эки тараптуу жолугушуулары да өтүп жатат.

2001-жылы түзүлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан кирет. Иран бул уюмда байкоочу деген сатуска ээ. (AiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG