Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Ошто милиция эл менен жолугууда


Милицияга болгон ишенимди арттыруу максатында Ош облусунун райондорунда тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү менен элдин жолугушуулары өтүп жатат. Аны «Кылым шамы» коомдук фонду уюштурганын «Азаттыкка» фонддун кызматкери Дөөлөт Нусупов билдирди. Эл милициянын иши тууралуу оюн ачык айтууга мүмкүнчүлүк алууда. Андан сырткары, милиция жасап жаткан иши жөнүндө калкка отчет берип жатат.

Жолугушуулар Ош шаарында, Араван, Алай, Кара-Суу райондорунда жана Баткен облусундагы бардык район-шаарларда өттү. Октябрдын этегине чейин республиканын калган аймактарында да өтөт. Негизинен, коомдук угууларды өлкөнүн кырк аймагында уюштуруу пландалган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG