Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:27

TI: Коррупция Европанын экономикалык туруктуулугуна шек келтирүүдө


Transparency International эл аралык уюмунey пикиринде, бизнес менен өкмөттүн тыгыз мамилеси коррупцияга жол ачуу менен Европадагы экономикалык стабилдүүлүккө шек келтирүүдө. Уюмдун бүгүн жарыяланган баяндамасында белгиленгендей, башкаруудагы ажырым өткөн жылы Европанын дээрлик ар бир өлкөсүндө каржылык жана саясий жаңжалдарга салым кошту.

Андыктан, евроаймактагы кризис менен коррупциянын байланышын мындан ары жээрүүгө болбойт. Уюмдун өкүлү Пол Зубков жаңы баяндаманын тыянактары тууралуу буларга токтолду:

- Евронун кризисинен чыгуу үчүн башкаруудагы ажырымдар жана коррупция менен күрөшүү маселеси каралуусу абзел. Алдыга жылуу жана мамлекеттик казынанын туруктуулугу менен коопсуздугун камсыз кылыш үчүн саясатчылар кабыл алган чечимдер, мамлекет каражаты кандай коротулганы ачык-айкын болуусу керек. .

Transparency International европалык мыйзамгерлерди лоббисттик ишмердикти жана шайлоо өнөктүктөрүнүн каржылануусун ачык-айкын кылууга чакырды.

Уюмдун ырастоосунда, Европанын 25 мамлекетинин алар иликтеген 19 өлкөсүнүн 10у гана саясатка каржылык колдоо көргөзгөндөрдүн жашыруун калуусуна тыюу салган.(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG