Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:11

ШКУнун саммитинде аймактык коопсуздукка көңүл бурулууда


ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери. Бээжин, 6-июнь, 2012-жыл.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери. Бээжин, 6-июнь, 2012-жыл.

Аймактык коопсуздук маселелерине көңүл бурган саммит Бээжинде өтүп жатат.

Уюмга мүчө Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан лидерлери эртең 2013-2015-жылдар аралыгында терроризмге, сепаратизмге, экстремизмге каршы күрөшүү чаралары каралган декларацияга кол коюшары күтүлүүдө.

Кытай президенти Ху Цзинтаонун айтымында, бул чаралар ШКУ аймактык тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту жакшыраак сактоосуна жардам берүүнү көздөйт.

Бээжиндеги саммиттен кийин ШКУда төрагалык кылуу укугу Кыргызстанга өтөт.
(UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG