Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Ооганстан: НАТО соккусунан аялдар, балдар мерт кеткени кабарланды


Ооган бийликтери жана жергиликтүү тургундар 6-июнда таң эртең мененки НАТО учактарынын бомбалоосунда Ооганстандын чыгышында бир нече карапайым тургун, анын ичинде аялдар жана балдар ажал тапкандыгын маалымдашты. Логар дубанынын акими Тахир Хан Сабринин сөзү боюнча үйлөнүү үлпөтүнө чогулган 18 киши мерт кетти. Аким бул чабуулду иликтөөгө президент Хамид Карзай көрсөтмө бергендигин кошумчалады. НАТО уюму аталган дубандын Бараки ооданында талиптердин улук кол башчысын бутага алгандыгын бышыктады жана карапайым тургундардын өлүмү тууралуу кабарларды текшерээрин билдирди. (JCh)

XS
SM
MD
LG