Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Пакистан: Сот абийир үчүн киши өлтүрүүнү иликтөөнү талап кылууда


Өлкөнүн ырааккы түндүк-батыш аймагында туугандыгы жок эркектердин жанында ырдап, кол чаап тургандыгы тартылан видеодогу төрт кыз-келиндин өлүү-тирүүсүн Пакистандын бийликтери аныктай алган жок. Кабарларга караганда, мамлекеттик өкүлдөр Жогорку Сотко киши колдуу болгон кыз-келиндер жашаган айылга учуп барганда, аба ырайы бузулуп, тик учмасын кондура албай кайра келишкенин билдиришти. Сот аталган кыз-келиндерге бүгүн сот алдына келүүгө буйруган. Шаршембиде видеодогу эркектердин экөө сотто көрсөтмө беришкен, алардын агасы алыскы тоолуу аймактагы уруунун өкүлдөрү өз абийирин булгады деп ал кыз-келиндерди төрт күбөнүн алдында өлтүрүп салышканын айткан эле. (JCh)

XS
SM
MD
LG