Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Ошто улут аралык кастыкты козуткан ырдын автору аныкталды


Улут аралык кастыкты козутуучу «Ош сити» деген ырды аткарган киши жана анын жашаган жери аныкталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Сүйүнбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, чагым ырды аткарган бала Ош шаарында туулуп-өскөн бала. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал 2009-жылы Орусия жарандыгын алганы такталды. Аны Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери аныктаган, кармоо боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзүүдө.

Азырынча шектүүнүн аты-жөнү, жашаган жери жана жашы тууралуу маалымат берилбейт.

Өзбек тилиндеги чагым ыр быйыл жазында интернетте пайда болгон. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG