Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Эл жазуучусунун үй-бүлөсү жардамга муктаж


Кыргыз эл жазуучусу, акын жана драматург Насирдин Байтемировдун жесири Мария Бейшеналиева өлкө жетекчилигинен жардам сурап кайрылганы бүгүн парламентте айтылды. Унаа кырсыгында эки баласынан айрылган Бейшеналиева учурда оорулуу баласы жана бойго жеткен небереси менен бир бөлмөлүү батирде жашап жатканы, ижара акысын жарым жылдан бери төлөй албай келатканы белгилүү болду. Ден соолугу да начарлап, аянычтуу тагдырга туш болгонунан ал эл өкүлдөрүнө кайрылган.

Сөз чебери Насирдин Байтемиров "Отко таазим", "Уркуя", "Жылдызкан" чыгармаларын жана "Аста секин, колукту!" опереттасын жазган. Анын жазгандары орус, украин жана башка тилдерге которулган. Жазуучу 1996-жылы каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG