Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

8-июнга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
7-8-июнда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
8-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолу аймактарда кар түшөт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Баткенде түнкүсүн 11...16 күндүз 23..28 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16 күндүз 24...29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6..11 градус, күндүз 17...22
Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 16..21,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..5, күндүз 16...21,
Тоолордо түнкүсүн -1...-6, ал эми күндүз 0..5 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 27...29 градус болот.

Бүгүн (7-июнда) эртен менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18 градус болду.

XS
SM
MD
LG