Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:15

Ташиев: MegaCom коррупциясында Отунбаеванын уулу да бар


Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев парламенттин бүгүнкү жыйынында экс-президент Роза Отунбаеванын уулу MegaCom компаниясындагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп билдирди.

"MegaCom компаниясынан кеткен алты миллион доллардын эки миллиону Мурзалиевдин баласы жана Роза Отунбаеванын баласы экөө түзгөн Германиядагы фирмага келип түшкөн", - деди Ташиев.

Ал эми Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов Ташиевдин бул айтканын ушак деп, Мурзалиевдин баласын тааныбай турганын, кайсы акча жөнүндө кеп болуп жатканын билбесин "Азаттыкка" айтты.

Ташиевдин бүгүнкү билдирүүсү боюнча өз пикирин премьер-министр Өмүрбек Бабанов да билдирди. Депутаттын айтканын өкмөт башчы абсурд деп атады.

Быйыл 1-февралда сот MegaCom компаниясынын башкы директору Азамат Мурзалиевди, анын кеңешчиси Алмаз Абековду жана "Новострой сервис" уюмунун жетекчиси Кенжебек Аман уулун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган. Алар коррупциялык жол менен мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген шек менен кармалган. Азырынча иш сотко өтө элек, тергөө уланууда.

MegaCom уюлдук компаниясынын ("Альфа Телеком" ачык акционердик коому) акцияларынын 49 пайызы апрел окуясынан кийин улутташтырылган. Калган 51 пайызына ээлик кылуучулар так аныктала элек. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG