Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Ооган президенти Кытайдагы сапарын мекениндеги окуялардан улам кыскартты


Карзайдын айтымында, кечээ чыгыштагы Логар провинциясында НАТОнун аба соккусунан 18 жөн-жай тургун мерт болгон.

Ооган президенти белгилегендей, аскер операциялардын жайкын тургундар арасында чыгым алып келүүсү кабыл алынгыс. Карзайдын бул билдирүүсүнө тушташ бүгүн Ооганстанга АКШ коргоо министри Леон Паннета күтүүсүз сапар менен келди.

Панеттанын айтымында, согушкерлердин Пакистандын уруулар жашаган аймагында башпаанек табуусу улана берсе, Ооганстанда туруктуулукка жетишүү абдан кыйын:

- Биздин чыдамыбыз түгөнүп баратат. Ушундан улам Пакистандын баш калкалоочу жайларды болтурбоо боюнча чара көрүүсү, террорчуларга өлкөсүн биздин күчтөргө кол салуучу коопсуз уя катары пайдалануусуна жол бербөөсү абдан маанилүү.


Кечээ Ооганстандын Кандагар провинциясында жанкечтинин чабуулунан 22 адам мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG