Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

АКШ Сирия президенти бийликтен кетиш керек деген талабын кайталады


Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бул тууралуу бүгүн Стамбулда Сириянын Хама провинциясында 86 жөн-жай тургундун өмүрү кыйылды деген маалыматтарды комментарийлеп жатып айтты:

- Режим демөөрчүлүк кылган, биз Хамада кечээ кайрадан күбө болгон кыянатчылык – абийирсиздик. Президент Асад мыкаачылыгын жана эки жүздүүлүгүн күчөттү. Асад кетмейинче Сирия, тынч, стабилдүү жана албетте демократиялуу болбой турганы анык.


АКШ мамлекеттик катчысы кошумчалагандай, Батыш жана араб өлкөлөрү Сириядагы кризисти жөндөө Башар Асад кызматтан чегинип, өлкөдөн кетүүсүнө жана утурумдук өкмөттүн куралуусуна жол ачылышы менен башталат деген орток пикирде.

Опппозиция активисттери Хама провинциясында 86 кишинин, анын ичинде 20дан ашуун баланын жана 20дай аялдын өлүмүн кезектеги “кыргын” деп мүнөздөшкөнү менен өкмөт бул ырастоолорду “толугу менен жалган” деп четке кагууда.

Өкмөттүн билдирүүсүндө Хамада “террордук топ кара санатай кылмышка” барганы, тогуз кишинин өмүрү кыйылганы айтылат.

Маалыматты башка көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG