Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Мелис Эшимканов атындагы фонд түзүлдү


Фонд журналист Мелис Эшимкановдун иниси Эрнис Асек уулунун жана жесири Асел Эшимканованын демилгеси менен түзүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” композитор, коомдук ишмер жана журналист Түгөлбай Казаков кабарлады. Маалыматка ылайык, фонд журналисттерди колдоо максатында уюштурулган. Жыл сайын мыкты журналистке 100 миң сом сыйлык берилет.

Мелистин көздөгөнү сөз эркиндиги жана журналисттердин эркиндиги болчу. Ошондуктан бул фонд бирөөнүн куралына айланышы мүмкүн эмес. Бийликке кошомат кылган, арзымат журналисттерге сыйлык берилбейт”, - дейт Казаков. Мындан сырткары спорттук мелдештер өткөрүлүп турат. Фонд жана интернет сайттын бет ачары 9-июнда Бишкекте болот.

Коомдук ишмер, белгилүү журналист, медиа-менеджер Мелис Эшимканов былтыр сентябрда каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG