Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Жалал-Абад облусунда кырдаал тынч


Июнь окуясынын эки жылдыгын утурлай тынчсызданар жагдай жок экендигин жана кырдаал күч уюмдарынын көзөмөлүндө тургандыгын бүгүн облус прокурору Кылычбек Токтогулов билдирди. Анын айтымында, өткөн айда 2010-жылдагы коогалаңга байланыштуу он бир кылмыштын бети ачылды.

Окуяда дайынсыз жоголгон төрт жана таанылбай калган эки адамдын ДНК экспертизасы дайындалып, туугандарынан алынган далил каражаттар Корея жана Кытайга текшерүү үчүн жөнөтүлдү.

Июнь окуяларында уурдалган эки автомат, төрт тапанча жана 2 гранат кайтарылды. Окуяда оор кылмыш жасаган деп шектелип, издөөдө жүргөн алты адам Орусия жана Казакстан аймактарынан кармалып, азыркы учурда аларды экстрадициялоо иштери жүрүүдө. (КЕ/YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG