Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Евро-2012: Лидерлер сынга сыпаа жооп беришти


Бүгүн Польша жана Украинада Евро-2012 футбол чемпионаты башталат. Анын утурлай эки өлкө лидерлери мелдеш учурунда коноктордун коопсуздугу жетерлик камсыздалары күмөндүү, расалык кемсинтүүлөр болушу ыктымал деген сынды мокотконго аракет жасашты.

7-июнда Польшанын өкмөт башчысы Дональд Туск өлкөдөгү биринчи ынды кара парламентарий, теги нигериялык Жон Годсон менен нанүштө кылды. Украин президенти Виктор Янукович жарандарга сыналгы аркылуу кайрылып, аларды меймандостугун көрсөтүүгө үндөп, чемпионатка ылайыктуу инфраструктура жана кан жолдор курулганын сыймыктануу менен белгиледи.

8-июнда Польша жана Грекия, Орусия жана Чехиянын футболчулары беттешет.

XS
SM
MD
LG