Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

9-июнга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
8-июндан 13-июнга чейин республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүү коркунучу сакталат. Ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
9-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,
Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 25..30 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 8..13 градус, күндүз 19...24
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 20...25
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0..5, күндүз 15...20,
Тоолордо түнкүсүн -2...+3, ал эми күндүз 3...8 жылуу болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 26...28 градус болот.

8-июнда эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18 градус болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG