Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

Мелис Эшимканов атындагы кордун бет ачары өттү


Бүгүн белгилүү журналист Мелис Эшимканов атындагы кордун бет ачары болду. Ага саясатчылардан Феликс Кулов, Кубатбек Байболов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Эшимкановдун калемдештери жана жакындары катышты. Ошондой эле eshimkanov.kg интернет сайттын бет ачары болду.

Иш-чарада маркум Мелис Эшимкановдун кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө, сөз эркиндигине кошкон салымы, саясат чөйрөсүндөгү ишмердиги белгиленди.

Кордун негизги максаты журналисттерди колдоо жана сөз эркиндигин өнүктүрүү болуп эсептелет. Эркин, тең салмактуу макалалары менен таанылган журналисттерге жыл сайын 100 миң сом сыйлык берилип, спорттук мелдештер өткөрүлүп турмакчы.

Бул кор маркумдун жесири Асел Эшимканованын демилгеси менен түзүлүп, аны таасирдүү саясатчылар колдоого алган.

Мелис Эшимканов өткөн жылы 15-сентябрда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (AKu)

XS
SM
MD
LG